Куткаруучулар Чүй дарыясынан табылган сөөктү милицияга өткөрүп берди

Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Чүй дарыясына түшүп кетип изделип жаткан 35 жаштагы кишинин сөөгүн ӨКМ кызматкерлери суудан таап, алып чыкты. Бул туурасында аталган министрликтен маалымдашты.
Мындан алты күн мурда Аламүдүн районундагы Васильевка айылында М.А. аттуу эркек киши сууга түшүп кеткени 112 кызматына кабарланып, куткаруучулар издеп жаткан.
Сөөк кечээ табылган.
Бишкекте дайынсыз болуп жаткан кишинин сөөгү короодон табылды