БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. АКШ Украина жаңжалынан чарчады. Бул тууралуу АКШ президентинин атайын өкүлү Кит Келлог Fox News телеканалынан айтканын РИА Новости жазды.
Ал мамкатчы Марко Рубионун АКШ Украина боюнча сүйлөшүү процессинен чыгып кетиши да мүмкүн деп айтылганына ушундай пикир билдирген.
"Катуу айтты, бирок Америка ушу тапта болуп жаткан нерселерден чарчады. Дүйнөдө АКШнын катышуусу зарыл болгон маселелер абдан көп. Согуш созулуп кетти, бирок абалды жөнгө салууга мүмкүнчүлүк бар", — деген Келлог суроолорго жооп берип жатып.
Эскерте кетсек, ишемби күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио өлкө Украинага көптөн бери жардам берип келе жатканын, эми башка нерселерге да көңүл бурууга убакыт жеткенин билдирген. Ал АКШ Москва менен Киев согушту токтотууга чындап дилгир болсо гана көмөктөшүүгө даяр экенин, болбосо "алек болчу иши" бар экенин кошумчалаган болчу.
Ага чейин президент Дональд Трамп да каршылашкан тараптардын бири моюн толгой берсе АКШ сүйлөшүү процессинен чыга турганын айткан.