Лейтенант Иван Решетник
Ал Ново-Троицк (азыр Түштүк Казакстандын Мактаарал району) кыштагында туулуп, үй-бүлөсү кийинчерээк Ленин (Куршаб айылы, Оштун Өзгөн району) айылына көчүп келет. Толук эмес билим берген мектепти аяктап, Айыл чарба техникумуна тапшырат.
1942-жылы августта Решетник армияга чакырылат да, 1943-жылы Түркстандагы пулеметтук училищени аяктайт. Ошол жылдын июнь айында Улуу Ата Мекендик согушка кирет. Сентябрда Воронеж фронтундагы 40-армиянын 309-аткычтар дивизиясынын 957-полкундагы пулеметтук взводду жетектейт.
Днепрден кечкенде каармандыгы менен өзгөчөлөнөт. 1943-жылы 24-сентябрда Украинанын Кагарлык районундагы Балыко-Щучинка кыштагынын жанында Решетниктин взводу Днепрден өтүп, батыш жээктеги плацдармды ээлейт да, негизги аскердик күчтөр келгенче салгылашып кармап турат. Бул согушта лейтенант оор жарадар болот.
1943-жылы 23-октябрда СССР Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен командачылыктын берген тапшырмасын үлгүлүү аткаргандыгы, көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн Иван Решетникке Советтер Союзунун Баатыры наамы, Ленин ордени, Алтын Жылдыз медалы ыйгарылат. Кийинки жылдары Кызыл Жылдыз ордени жана бир канча медалдар менен сыйланган.
Госпиталдан дарыланып чыккандан кийин ооруктун ар кайсы бөлүктөрүндө иштеген. Согуш аяктаган соң Советтик Армияда кызмат өтөөсүн уланткан. 1967-жылы подполковник Иван Решетник отставкага чыгып, Ставрополь аймагындагы Лермонтов шаарында жашап калат. Оор илдет 1968-жылы 14-декабрда баатырдын өмүрүн алат.
Лермонтов шаарындагы көчөлөрдүн бирине Иван Решетниктин ысымы ыйгарылган.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.