БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Бишкектин чеке жагына түшө турган "Ош" базарынын курулушу кайсы баскычта экени көрсөтүлдү. УТРК тарткан сюжетте ал азыркыдан 4-5 эсе кенен экени айтылган.
Учурда курулуштун монолит жумуштары аяктап, эми чатыры жабылып, ичи жасала баштайт. Азыркы тапта алты блоктун курулушу аяктап калган, башка бөлүктөрүндө бетон куюлуп жатканы белгилүү болду.
Объектинин курулушуна 400дөн ашык киши тартылып, 45тей атайын техника иштеп жатат.
Аймактын жалпы аянты 162 гектарды түзүп, участок соода, өнөр жай жана турак жай болуп үч чоң зонага бөлүнөт.
Жаңы "Ош" базарынын имараты тегерек келип, жанына мейманкана, чоң бизнес-борбор, мечит, медициналык жана спорт борборлору, кафе-ресторан жана көп кабаттуу үйлөр түшмөкчү.