Бишкектик студент дүйнөгө белгилүү оюнду кыргызча сүйлөттү

Sputnik
Компьютер оюндарынын ичинен Minecraft алгачкы болуп кыргыз тилин колдонууга кошту. Бул иш Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин журналистика факультетинин 3-курсунун студентти Атай Азаматовдун эмгеги менен ишке ашты. Ал бул жумушка бир топ убактысын короткон.
Дүйнөгө белгилүү оюндун кыргыз тилине ар кандай пикир айтылып талкууланып жатканда Атай Азаматов “Стимул” программасында конокто болуп, кантип бул иш менен алектенип калганын айтып берди.