Өлкөдө эми керектөөчүлөрдүн укугу бузулган учурда айып үч эсеге жогорулайт. Жогорку Кеңештин депутаттары “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” жана “Электрондук соода жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрд үкиргизүү боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышты. Буга чейин мындай учурда жеке жактарга 5500 айып салынса, эми бул 16 500 сомго көтөрүлдү. Юридикалык жактар үчүн айыптын көлөмү 51 миң сомду түзөт. Ошондой эле мыйзамда интернет-дүкөндөрдүн сатуучусу жөнүндө маалымат жана кызмат көрсөтүүсү же товарларынын аныктамасы так көрсөтүлүшү керектиги жазылган. Бул иштер керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого, сапаттуу кызматтарды көрсөтүүгө багытталган. Өлкөдө дүйнөлүк деңгээлдеги эки маркетплейс официалдуу түрдө катталган.
Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын укуктук камсыздоо жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо башкармалыгынын башчысы Нуржан Кадырбекова маалымдады.