Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Евродепутат: Зеленский элдешүүдөн баш тартса согушту каалап турганын тастыктайт

Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Владимир Зеленский Россия сунуштаган элдешүүдөн баш тартса, анда согушту улантууну каалай турганы тастыкталат. Бул тууралуу франциялык евродепутат Тьерри Мариани РИА Новостиге билдирди.
“Зеленский согуш токтогон күнү сот алдына келет. Эл унчукпаганы менен “аны алмаштырыш керек” деген кептер тарап жатат. Элдешүү жакшы жаңылык, бирок Зеленскийдин экстремисттик позициясы жана аны Европада колдогондордун, согушту каалагандардын билдирүүлөрү Зеленскийге анчалык ишенбөөгө мажбурлайт”, — деген Тьерри Мариани.
Эске салсак кечээ, ишембиде, Владимир Путин Пасханын урматына элдешүү жарыялады. Россия 19-апрель саат 18.00дөн тарта 21-апрель саат 00.00гө чейин бардык согуштук аракеттерди токтотот.

“Украин тарап да бизден үлгү алат деген үмүттөбүз. Ошол эле учурда биздин аскер күчтөр каршы тараптын элдешүүнү бузуп жасашы мүмкүн болгон чабуулдарынын мизин кайтарууга толугу менен даяр турушу керек”, — деген РФ президенти.

Путин бул мезгилдин аралыгында Киев режиминин тынчтык орнотууга канчалык даяр экени көрүнөрүн белгиледи.
Зеленский өзүнүн Telegram каналында Украина Россия кандай иш кылса ошондой жооп болорун жазды.
“Тынчтык болсо, тынчтык, сокку болсо, сокку болот. Эгерде чындап эле тынчтык орной турган болсо, Украина аны Пасхадан кийин дагы улантууну сунуштайт”, — деген Зеленский.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мамдепартамент Киев менен кен байлыктар боюнча түзүлчү келишим тууралуу айтты