Улуу Ата Мекендик согуш башталганда искусство ишмерлери да кан майданга аттанган. Фронттогу аскерлерди кайрат-деминен тайдырбай шыктандырып туруу үчүн жети чыгармачылык бригада уюшулган. Кыргызстандан 85 өнөрпоз Калинин, Беларусь, Ленинград жана Украина фронтторунда 2 500 ирет концерт беришкен.
1977-жылы Улуу Жеңиштин 30 жылдыгына карата СССРдин эл артисти Сайра Кийизбаева Кыргыз ССРинин мамлекеттик архивинин эмгек жамааты менен жолугуп, ата мекендик өнөрпоздор кан майданда кандай ишмердүүлүк жүргүзгөнүн айтып берген. Маекти колумнист Алмаз Батилов Борбордук мамлекеттик кинофонофотоархивден тапты.
Кийизбаева Улуу Ата Мекендик согуш башталгандан кийин Кыргыз ССРинин искусство чеберлери ишмердүүлүгүн өзгөрткөнүн баяндап берген.
— Фронт үчүн бүт күчүбүздү мобилизацияладык. 1942-жылы кышта биринчи фронттук бригада кан майданга 1,5 айга Кыргызстандан чыкканбыз, бирок фронтто төрт ай концерт бердик. Дем алыш дегенди унуттук. Убакыттын кандай өткөнүн да билбей, концерт коюп бергиле деген өтүнгөндөрдүн баарына барчубуз. Жоокерлер менен фронттун алдыңкы позицияларында болдук. Немецтердин туткунуна түшүп кала жаздаган учурлар болгон, далай кыйын күндөр өттү. Буга карабастан аскерлердин алдында шаңшып ырдачубуз. Концерт берип жатканда немецтердин үндөрүн уккан учурлар болду. "Оюн-зоок уюуштуруп жатасыңарбы" деп кыйкырганын эшитчүбүз.
40 градус кычыраган суукта блиндажда жашаган күндөр болду. Ал эми концертти токойдун арасында койчубуз. Алдыңкы позициядан келген жоокерлер кардын үстүнө отуруп концерт көрүшчү. Алардын алдына крепдешинден (жибектен токулган кездеменин бир түрү — ред.) тигилген көйнөктөрдү кийип чыгар элек. Тынчтык күндөрүн эске салгыбыз келген. Концертке чейин гимнастеркачан жүрчүбүз. Кычырыган суукта сахна кийимин кийип аскерлердин көңүлүн көтөрүүгө аракет кылчу элек. Бир да актёр же артист "суукта ооруп калдым же үнүм бүтүп калды, концертте ырдай албайм" дегенин уккан жокмун. Баары патриот жана өз жумушуна ушунчалык берилгендер эле. От кечип жүргөн аскерлерге дем берүүгө аракет кылчубуз. Алар биз берген дем менен салгылаш учурунда душмандын таш-талканын чыгарат деген ишеним күч эле.
Маалымат үчүн
Улуу Ата Мекендик согушка (1941–1945) Кыргыз ССРинен болжол менен 114 искусство ишмери аттанган. Алардын арасында актёрлор, ырчылар, жазуучулар, сүрөтчүлөр жана башка маданият өкүлдөрү болгон. Бул ишмерлер согуш майданында гана эмес, тылда да элдин духун көтөрүү, патриоттуулук сезимди күчөтүү максатында концерттерди уюштуруп, чыгармачылык менен кызмат өтөшкөн.