Президент православдарды Пасха майрамы менен куттуктады

Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кыргызстан ар түрдүү диндердин, улуттардын жана маданияттардын өкүлдөрү тынчтыкта жана биримдикте жашаган өлкө болуп келген жана ошол бойдон калууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун православдарды Пасха майрамы менен куттуктоосунда айтылган.
Анда ал бул күн улутуна же динине карабастан адамдарды бириктирген түбөлүк нравалык баалуулуктарды эске саларын айткан.
“Кыргызстан ар дайым ар түрдүү диндердин, улуттардын жана маданияттардын өкүлдөрү тынчтыкта жана биримдикте жашаган өлкө болуп келген жана ошол бойдон калууда. Биз христиан конфессияларынын, айрыкча православ дининин мамлекетибиздин тынчтыгын, ынтымагын жана өнүгүшүн бекемдөөдөгү салымын жогору баалайбыз”, — деп жазылган куттуктоодо.
Соңунда өлкө башчы бул мааракеге карата куттуктоосун айтып, чың ден соолук, бакыт каалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Пасха майрамынын урматына элдешүү жарыялады