Жаан жаап, кар түшөт. Бир аптага карата аба ырайынын божомолу

Sputnik
БИШКЕК, 20-апр.— Sputnik. Кыргызгидромет 21-27-апрелде өлкө боюнча күтүлгөн аба ырайынын божомолун жарыялады.
Синоптиктер бейшембиге чейин көпчүлүк аймактарда жаан-чачын күтүлөрүн айтышты. 22-23-апрелде тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн.
Чүй, Талас
Чүйдө аптанын башы жаан-чачындуу болуп, күндүн көзү 25-апрелде ачылат. Анын эртеси кайрадан айрым жерлерде жамгыр жаап, 27-апрелде күн ачык болот. Талас облусунда 24-апрелге чейин жамгырлуу аба ырайы болушу ыктымал.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен
Республиканын түштүк аймактарында дагы келерки апта жаан-чачындуу болот. Синоптиктер 24-27-апрелде күн ачык болорун билдиришти.
Ысык-Көл, Нарын
Аталган эки облуста дагы 21-апрелден тарта жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Кыргызгидрометтин айтымында, 25 жана 27-апрель күндөрү жаан-чачын жаабайт.
Күндүн табы 34 градуска жетет! Май айына карата аба ырайы