БИШКЕК, 20-апр.— Sputnik. Беларуста кыргызстандык жоокерлердин урматына сейил бак ачылды. Бул тууралуу Кыргызстандын ал жактагы элчиси Эрбол Султанбаев билдирди.
Сейил бак Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин сөөгү коюлган советтик жоокерлердин жалпы көрүстөнүнүн ордундагы мемориалдык комплекстин жанында жайгашкан.
Элчи Беларусту фашисттик баскынчылардан бошотууда 30 миң кыргызстандык курман болгонун айтып, беларус элине алардын элесин сактап калганы үчүн ыраазычылык билдирди.