БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Батыш өлкөлөрү Украинадагы ок атышууну токтотуу келишиминин параметрлерин келерки аптада Лондондо макулдашат. Бул тууралуу New York Post Ак үйдүн жогорку даражадагы өкүлүнө таянып билдиргенин РИА Новости жазды.
"Келе жаткан жумада Лондондо ок атышууну токтотуу боюнча чечим кабыл алабыз деп турабыз. Андан кийин россиялыктар менен жолугуп, аларга планды көрсөтөбүз", — деген аткаминер.
Ак үй өкүлүнүн айтымында, Украинанын коргоо министри америкалыктарга Киев Трамптын тынчтык тууралуу сунушуна 90 пайыз макул экенин билдирген.
Аткаминер АКШ президентинин атайын чабарманы Стивен Уиткофф Россияны сүйлөшүүлөргө тартуу үчүн Москвага Батыштын санкцияларын жумшартууну, ошондой эле Россиянын активдерин блоктон чыгарууну сунуш кылышы мүмкүн экенин кошумчалаган.