БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Туристтик сезондо Бишкек — Торугарт, Бишкек — Ош, айланма жол жана капчыгайларда жол эрежесин бузган айдоочулар дрондун жардамы менен аныкталат. Бул тууралуу ЖКККББ маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.
Анын айтымында, башкармалык мындай экспериментти өткөн жылы да жасап көргөн.
"Былтыр пилоттук долбоор кылып Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда, Ош — Бишкек жолунда, айланма трассада дрон учуруп көргөнбүз. Жарым сааттын ичинде каршы тилкеге чыгып, катуу ылдамдык менен айдап жол эрежесин одоно бузган 30дай айдоочу аныкталган. Быйыл да ошол экспериментти колдонобуз. Туристтик мезгилде инспекторлор Бишкек — Торугарт, Бишкек — Ош, айланма жол жана капчыгайларда эреже бузгандарды дрондун жардамы менен аныктайт", — деген Байказы Айтикул уулу.