БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Украина маселесин жөнгө салууда тараптардын бири моюн толгой берсе АКШ сүйлөшүү процессинен чыгарын айтканын РИА Новости жазды.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио бейшемби күнү Парижде Украина боюнча өткөн жыйында европалык аткаминерлерге Дональд Трамптын чыдамы түгөнүп баратканын жана жакын арада Вашингтон Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүү процессинен чыга турганын жарыялашы мүмкүн экенин билдирген. Эртеси күнү бул тууралуу Трамп өзү билдирүү жасаган.
"Эгер кандайдыр бир себеп менен эки тараптын бири ишти татаалдата турган болсо, "акылсыз экенсиңер" деп чыгып кетебиз. Бирок андай болбойт деп үмүттөнөбүз. Марко Рубио айткандай, биз деле мунун баары бүтүшүн каалайбыз", — деген Трамп.
АКШнын Украина боюнча сүйлөшүү процессинен чыгам деген коркутуулары Москвага караганда Киевге көбүрөөк багытталганын Axios басылмасы европалык аткаминерлердин айтымына таянып кабарлаган.
Европалык дипломаттар эгер АКШ чындап сүйлөшүү процессинен чыгып кетсе, Украина Американын жардамысыз калат деп кооптонушууда.