Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

Токубай Тайгараев — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры

Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп Баатыр наамы ыйгарылган эр жүрөк кыргыз жоокерлер тууралуу баяндоосун улантат.
Sputnik
Сержант Токубай Тайгараев
Ал 1923-жылы Кедей-Арык (азыр Тайгараев атындагы айыл, Сузак району, Жалал-Абад облусу) айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Жети класстык билим алат да, "Кайрак" колхозунда иштей баштайт.
1942-жылы сентябрда Тайгараев армияга чакырылып, согушка жөнөтүлөт. 1944-жылы июль айында 2-Прибалтика фронтундагы 3-чабуул коюучу армиянын 219-Идрица аткычтар дивизиясына караштуу 375-полкунун 1-ротасындагы бөлүктү жетектейт. Латвиянын аймагындагы согушка катышкан.
14-июлда Сафонов кыштагынын алдында душмандын коргонуу чегин жарып өтүп, алардын аймагына кирип барып 10 гитлерчини жок кылып, бешөөнү туткундап келет.
19-июлда кыргыз жоокер Лудзен (Латвия) районундагы Рундены кыштагындагы согуштарга катышат. Фашисттер советтик жоокерлерди курчап алса да тактикалык жактан зор мааниге ээ дөңсөөнү негизги күчтөр келгенче кан-жанын аябай кармап турушкан. Бул салгылашта сузактык Тайгараев эр жүрөктүүлүк менен курман болот. Аны менен кошо окко учкан тогуз жоокер кан күйгөн жерге коюлат, ал эми 1947-жылы латвиялык Лудза шаарындагы Боордоштор көрүстөнүнө кайра көмүлөт.
1945-жылы 24-мартта СССР Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен командалыктын согуштук тапшырмаларын үлгүлүү аткаргандыгы, майданда каармандык менен эрдик көрсөткөндүгү үчүн Токубай Тайгараевге Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.
Баатырдын аты Сузактагы совхозго, өзү окуган мектепке, Жалал-Абад шаарындагы көчөгө берилет. Өзү жашаган үйдө музейи ачылып, тамдын алдына бюсту коюлат. Сузак районунун аймагындагы Бишкек — Ош жолунун боюна баатырдын айкели тургузулат.
Курман болгондон кийин "Рига шаарынын ардактуу жараны" болот. 10 каарман жоокер баатырдык менен өмүрүн берген жерге алардын аттары жазылган асманга карай бой керген мемориалдык таш, ал эми Боордоштор көрүстөнүнө эстелиги орнотулат.
Материал ачык маалыматтардын, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.
Василий Степаненко — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры