Тилекмат Күрөңов БАЭден кармалып Кыргызстанга алып келинди. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Конституциялык түзүлүшкө каршы бир катар оор кылмыштарга шектелген Тилекмат Күрөңов Бириккен Араб Эмирликтеринен кармалып Кыргызстанга алып келингенин УКМК кабарлады.
Шектүү эл аралык издөөгө алынган болчу.
Атайын кызматтын маалыматында чет өлкөдө жүргөн Күрөңов социалдык тармактардагы аккаунттары аркылуу массалык башаламандык уюштуруп, бийликти басып алууга чакырык жасап келгени айтылат.
Учурда шектүүнүн Кыргызстандын аймагындагы жана чет мамлекеттердеги шериктерин аныктоо боюнча аракеттер көрүлүп жатканы белгиленди.
Өлкөдө массалык башаламандык уюштурууга даярданды делген топ кармалды