Ташиев Жалал-Абаддын милиционерлерине кызматтык автоунааларды тапшырды. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда милиция кызматкерлерине жаңы автоунааларды тапшырды. Бул тууралуу комитет кабарлады.
Ага ылайык, тартип сакчыларына 2025-жылы чыгарылган Chevrolet Cobalt, Sunray ESC жана JAC 4WD үлгүсүндөгү 20 кызматтык автоунаа берилген.
1 / 9

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда милиция кызматкерлерине жаңы автоунааларды тапшырды

2 / 9

Ага ылайык, тартип сакчыларына 2025-жылы чыгарылган Chevrolet Cobalt, Sunray ESC жана JAC 4WD үлгүсүндөгү 20 кызматтык автоунаа берилген

3 / 9

Иш-чарага УКМКнын төрагасынан тышкары Жалал-Абад ОИИБинин башчысы Марлис Асанов, ОИИБдин ардагерлер кеңешинин төрагасы Капар Исаков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ИИМдин жергиликтүү жетекчилери, өздүк курамы катышкан

4 / 9

Жалал-Абадда милиция кызматкерлерине жаңы автоунааларды тапшыруу аземи

5 / 9

Жалал-Абадда милиция кызматкерлерине жаңы автоунааларды тапшыруу аземи

6 / 9

Жалал-Абадда милиция кызматкерлерине жаңы автоунааларды тапшыруу аземи

7 / 9

Жалал-Абадда милиция кызматкерлерине жаңы автоунааларды тапшыруу аземи

8 / 9

Жалал-Абадда милиция кызматкерлерине жаңы автоунааларды тапшыруу аземи

9 / 9

Жалал-Абадда милиция кызматкерлерине жаңы автоунааларды тапшыруу аземи

Иш-чарага УКМКнын төрагасынан тышкары Жалал-Абад ОИИБинин башчысы Марлис Асанов, ОИИБдин ардагерлер кеңешинин төрагасы Капар Исаков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ИИМдин жергиликтүү жетекчилери, өздүк курамы катышкан.

"Ташиев милиция кызматкерлерин өлкөнүн ички коопсуздугун жана элдин бейпил жашоосун камсыз кылууга ак ниет менен кызмат өтөөгө чакырып, мыйзамдуулукту сактоого жана калктын милицияга болгон ишенимин бекемдөөгө тынымсыз аракет кылуу керектигин эскертти", — деп жазылат маалыматта.

Ал Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде мындан ары да укук коргоо жана коопсуздук органдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу аракеттери уланарын белгилеген.
Жогорку Кеңештин депутаттары кайрадан кызматтык унаа менен жүрө башташат