БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Президент Владимир Путин Пасха майрамынын урматына Россия согуштук аракеттерди токтоторун жарыялады. Бул тууралуу РФ лидери Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын жетекчиси Валерий Герасимовду кабыл алууда айтканын РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, Россия 19-апрель саат 18.00дөн тарта 21-апрель саат 00.00гө чейин бардык согуштук аракеттерди токтотот.
РФ лидеринин жолугушуудагы сөзүнүн урунттуу учурлары:
Россия украин тарап да согуштук аракеттерди токтотот деген үмүттө;
өлкөнүн Куралдуу күчтөрү каршы тараптын жасалышы мүмкүн болгон бардык чабуулунун мизин кайтарууга даяр турушу керек;
бул мезгил аралыгында Киев режиминин тынчтык орнотууга канчалык даяр экени көрүнөт;
Москва Вашингтондун жаңжалды соңуна чыгаруу аракетин жогору баалайт;
Украина Куралдуу күчтөрү энергетикалык объектилерге сокку урбоо боюнча меморандумду 100дөн ашуун ирет бузган.
РФ лидери россиялык аскерлер согуш талаасында ийгиликтерге жетишип жатканын белгиледи.