Минкаб башчысы Вашингтондо ЭВФ менен Дүйнөлүк банктын жазгы жыйындарына катышат

Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Вашингтонго жумушчу сапарынын алкагында Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жыйындарына катышат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, иш сапардын жүрүшүндө Касымалиевдин Дүйнөлүк банктын жетекчилиги, анын ичинде операциялык ишмердүүлүк боюнча башкаруучу директору Анна Бьерде, Европа жана Борбордук Азия аймагы боюнча вице-президенти Антонелла Бассани менен жолугушуусу пландаштырылууда.

"Жолугушууда стратегиялык маанилүү Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун илгерилетүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Жыйынтыгы боюнча бир катар эки тараптуу келишимдерге кол коюу пландаштырылууда. Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев Кыргыз-америкалык ишкерлер кеңешинин мүчөлөрү менен тегерек столго катышмакчы", — деп жазылат маалыматта.

Минкаб башчысы Американын алдыңкы корпорацияларынын жетекчилиги менен бир катар жолугушууларды өткөрөрү кошумчаланды.
Радио
Энергетика министри: Камбар-Ата-1 ГЭСи алты жарым жылда курулуп бүтөт