БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. 21-апрелден 25-апрелге чейин Бишкекте Азербайжандын маданият күндөрү өтөрүн Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Иш-чара Кыргызстан менен Азербайжан ортосундагы достукту жана маданий кызматташтыкты чыңдоо максатында уюштурулмакчы.
Программасы:
"Азербайжан искусствосунун берметтеринде жашаган улуттук мурас” көргөзмөсү;
Салттуу кол өнөрчүлүк искусствосунун көргөзмөсүнүн ачылышы;
“Чыгыш менен Батыштын көркөм стилдеринин кесилишинде” көргөзмөсү;
Килем жана курак көргөзмөсү;
Мода көргөзмөсү.
25-апрелде Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында саат 19:00дө Азербайжандын искусство чеберлери катышкан жыйынтыктоочу гала-концерт тартууланат.