Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Мамдепартамент Киев менен кен байлыктар боюнча түзүлчү келишим тууралуу айтты

Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. АКШнын Киев менен келерки аптада кол коюла турган жаратылыш ресурстары боюнча келишими Украинада тынчтык орнотуу процессине байланышкан эмес. Бул тууралуу Американын Мамлекеттик департаменти билдиргенин РИА Новости жазды.
“Жартылыш ресурстары боюнча келишим ок атууну токтотуу боюнча сүйлөшүүнүн бир бөлүгү эмес. Бул өзүнчө кетет. Украина үчүн маанилүү нерсе. Экономикалык өнөктөштүк маселеси десек болот”, — деген Мамдепартаменттин өкүлү Тэмми Брюс Fox News телеканалына берген маегинде.
АКШ президенти Дональд Трамп бейшембиде Украина менен жаратылыш ресурстары боюнча келишимге 24-апрелде кол коюлушу мүмкүн экенин айткан. Буга чейин АКШнын каржы министри Скотт Бессент Америка менен Украинанын кен байлыктары боюнча келишиминин чоо-жайы иштелип жатканын, ал Владимир Зеленский февралда кол койбогон келишимге негизделгенин билдирген.
Сейрек кездешүүчү металлдар боюнча келишимге Зеленский февралдын аягында Вашингтонго келгенде кол коюлмак. Бирок Трамп менен кайым айтышып, чатактан кийин аны Ак үйдөн чыгып кетүүнү суранышкан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Согушарда ойлонуш керек". Трамп Зеленскийдин сураганын орундата бербесин айтты