20-апрелге карата аба ырайы

20-апрелде түнкүсүн жана эртең менен республиканын айрым облустарынын дыйканчылык аймактарында үшүк жүрөт. Жолдор тоңуп, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Жекшембиде күндүз өлкөнүн тоолуу райондорунда жаан, кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй облусунда 16…21, Таласта 13…18, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында 14…19, Ысык-Көл өрөөнүндө 8…13, Нарын жеринде 9…14 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкек шаарында 18…20, Ош калаасында 16…18 градуска чейин көтөрүлөт.
Күндүн табы 34 градуска жетет! Май айына карата аба ырайы