БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф Россия президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуусунда Украинадагы абалды жөнгө салуунун алкагында аймак маселелерин да талкуулаган. Бул тууралуу ал Wall Street Journal басылмасына маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
Өкүлдүн айтымында, сөз ушул маселенин айланасында жүргөн. Уиткофф "Россия бардык эмес, айрым аймактарды алып кала алат" деген пикирде. Муну менен бирге ал калкынын басымдуу бөлүгү орус тилинде сүйлөгөн аймактардын Киев үчүн мааниси анчалык чоң болбошу мүмкүн экенин да четке каккан эмес.
Эскерте кетсек, Путин Уиткоффду 11-апрелде кабыл алып, экөө 4,5 саатка чукул сүйлөшкөн. РФ лидеринин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, көбүнесе Украинадагы кырдаал талкууланган, деген менен башка саясий жана экономикалык маселелер да ортого салынган.
Уиткофф тирешүүнү токтотууга көрүлгөн аракеттердин аркасында "тараптар тынчтык үчүн мааниси чоң бир нерсеге кадам жасоочу чекке жеткенин" белгилеген. Анын айтымында, процесс "беш аймактын" алкагынан чыгып, кеп коопсуздук кепилдиги жана Украинаны НАТОго кабыл алуу пландарынан баш тартуу тууралуу жүрүүдө.