БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Муратбек Азымбакиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгонун маалымат кызматынан билдиришти.
Президенттин дагы бир жарлыгы менен бул кызматка Сагынбек Абдумуталип дайындалды. Ал 2022-жылдан бери Тажикстандагы элчинин кеңешчиси болуп келген.
Сагынбек Абдумуталип
© Фото / пресс-служба президента КР
Дипломат 41 жашта.