Алар "Эмгек үчүн азык-түлүк" программасынын алкагында Бурул айылынын тургундары тарабынан тигилген бакка алма көчөттөрүн отургузушту.
Накай үч жылдан кийин эле айыл эли алгачкы түшүмүн ала турганын белгиледи.
"Тигилген эки миң бак мөмө бере баштаса, жергиликтүү тургундар алма ширесин жана кургатылган мөмө-жемиштерди чыгара башташат. Ушундай жол менен биз элдин кирешесин көбөйтүүгө жана туруктуулукту камсыз кылууга жардам беребиз. Бул долбоорго Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги чоң жардам көрсөтүп, Россия каржылап жатат", — деди Накай.
Кара-Балта шаарындагы мектептердин биринин 2023-жылы иштей баштаган ашканасы да Россиянын элчисине көрсөтүлдү. Вакунов Кыргызстанда мектеп окуучуларын ысык тамак менен камсыздоо иштери комплекстүү жүрүп жатканын белгиледи.
"Мунун ичине имараттарды реконструкциялоо, жабдууларды жана кээ бир буюмдарды сатып алуу, кызматкерлерди окутуу кирет. 2023-жылдан бери Россиянын бул программага кошкон салымы болжол менен 15 миллион долларды түздү. Мен бактылуу, дени сак балдарды көргөнүмө кубанычтамын. Мугалимдер ысык тамак берүү окуудагы жетишкендиктерге жана окуучулардын сабактан калбай келишине оң таасирин тийгизип жатканын айтышты", — деди элчи.
Россия — Кыргызстандагы Азык-түлүк программасынын эң ири донору. Республикада программанын иш-чаралары башталгандан бери (2008-ж.) Россия жардам көрсөтүү үчүн 112,5 миллион доллардан ашык каражат бөлгөн.