БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Ош шаарында окуучулар дене тарбия мугалимин сабап салган. Маалыматты Шаардык ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.
Ага ылайык, окуя 14-апрелде Максим Горький атындагы №8 мектептин короосунда болгон.
"Жабырлануучу — дене тарбия сабагынан берген 19 жаштагы мугалим. Ал жарааттарынан улам ооруканага түшүп, милицияга арыз жазган", — деп айтылат маалыматта.
Окуяга жогорку класстын эки окуучусу шектелип жатканы айтылды.