БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Украинадагы согушту токтотуу азырынча реалдуу болбой турганын Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя уюмдун Коопсуздук кеңешинин жабык жыйынынан кийин журналисттерге айтканын РИА Новости жазды.
"Бизде энергетикалык инфраструктурага сокку урууну чектөө аракеттери болду, бирок аны Украина тарап аткарган жок. Мындай кырдаалда согушту токтотуу туурасында айтуу реалдуу эмес", — деген ал.
Россия менен Украинанын ортосунда түзүлүшү ыктымалдыгы бар келишимдерди БУУнун Коопсуздук кеңеши менен бекемдөө зарылдыгын айтып жатып дипломат бардыгы кармашты токтотуу шарттарына жана документте анын кандай белгиленгенине жараша болоруна токтолду.
Эскерте кетсек, Россия президенти Владимир Путин 18-март күнү АКШ лидери Дональд Трамп менен телефондон сүйлөшкөн. Кремлдин маалыматы боюнча, талкуу учурунда Трамп эки тараптын тең энергетикалык объектилерге чабуул коюусун 30 күнгө чейин токтотууну сунуштаган. Путин буга дароо макул болуп, ошол замат тийиштүү адамдарга буйрук берген. Эки лидердин сүйлөшүүсүнөн кийин Владимир Зеленский Украина энергетикалык инфраструктурага соккуларды токтотууну колдой турганын айткан болчу.
24-мартта Эр-Риядда Россия менен АКШнын техникалык командалары жолугуп, 12 саатка чукул сүйлөшкөн. Анда тараптар Россия жана Украинадагы энергетикалык объектилерди аткылоону токтотууга макулдашканы кабарланган.
Кийинчерээк РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Киев бул мораторийге кошулбагандыгын айтты.