БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Литва "бөлөк маданиятынан", исламдык радикалдашууга жакындыгынан жана террордук кооптулууктан улам Борбор Азиядан барган мигранттарды алмаштыруу ниетинде. Бул тууралуу LRT жазды.
Өлкөнүн премьер-министри Гинтаутас Палуцкас радикалдашуу кооптулугунан улам Литва иммиграциялык саясатын карап чыгышы керектигин белгилеген.
"Тилекке каршы, айрым өлкөлөрдөн келгендер радикализмге ыктап турушат. Бизге маданияты жакын мамлекеттерден жумушчу күч издөөгө туура келет окшойт", — деген Палуцкас.
Буга чейин Мамлекеттик коопсуздук департаментинин жетекчиси Дарюс Яунишкис болжол менен БА мамлекеттеринин ондой жаранына Литвага кирүүгө тыюу салынып, кээсинин террордук уюмдар менен байланышынан жана радикалдашуунун байкалган белгилеринен улам өлкөдө жүрүү уруксаты жокко чыгарылганын кабарлаган.
"Келгендер интеграцияланып, кооптуулук жаратпашы керек", — деди Яунишкис.
Анын айтымында, Литвада Борбордук жана Түштүк Азиядан барган мигранттардын радикалдашуу тобокелдиги жогору.
Палуцкас келечекте "маданий жакындык параметрлерине дал келтирүү" үчүн өлкөнүн миграциялык саясатын кайра карап чыгуу пландалып жатканын кошумчалаган.