"Байланышта бололу". Лавров Рубио менен телефондон сүйлөштү

Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен телефондон сүйлөшүп, ал Парижде Украина жана европалык өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен болгон жолугушуулар жөнүндө маалымат берди. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"17-апрелде Россиянын ТИМ башчысы менен Сергей Лавров Американын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен телефондон сүйлөштү. Мамкатчы Парижде болуп, АКШ президентинин чабарманы Стивен Уиткоффтун Украина, Франция жана Европанын бир катар өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнө жолукканын кабарлаган", — деп айтылат маалыматта.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө бул жолугушуулар Вашингтон менен Москва ортосунда болуп жаткан кеңешмелердин алкагында өткөнү, анын ичинде жакында Санкт-Петербургда Россия президенти Владимир Путин менен Уиткоффтун сүйлөшүүсү да эске алынганы айтылган.
Ведомстводон Лавров Москванын америкалык кесиптештери менен украин көйгөйүнүн алгачкы себептерин ишенимдүү жоюу боюнча биргелешкен иштерди улантууга даярдыгын бекемдегенин билдиришти.
"Министр менен мамлекеттик катчы ыкчам байланышта болууну макулдашты, анын ичинде келерки жумада америкалыктар жана европалыктар Украина тарап менен өткөрүүнү пландап жаткан жолугушуулар боюнча да кабарлашып туруу каралды", — деп айтышты РФ ТИМинен.
АКШнын демилгеси менен Лавров жана Рубио сүйлөштү. Эмне тууралуу кеп болду