БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Кыргызстандыктар "Жеңиш терезелери" эл аралык акциясына катышууга чакырылганын Бишкектеги "Руский дом" билдирди.
Иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган.
Кантип катышса болот?
Жеңиштин 80 жылдыгына арналган сүрөт тартыңыз. Сүрөт тарта албагандар трафареттерди колдонсо болот.
Сүрөттү үйүңүздүн терезесине тартыңыз. Акварель, гуашь же башка коопсуз боёкторду колдонуу сунушталат.
Терезеңизди сүрөткө тартып #окнапобедыкыргызстан #волонтерыпобедыкыргызстан хештегдери менен соцтармакка чыгарыңыз.
Акцияга кыргызстандыктар жаш курагына жана кесибине карабастан катыша алат. Сүрөттөрдү (үйдүн, мектептин, университеттин, витринага же кафенин) каалаган терезеге тартууга болот.