Былтыртан бери "Кыргызфильмдин" каражаты менен Темир Бирназаровдун "Туткун" аттуу фильми тартылууда. Бул тууралуу Назым Меңдебаиров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "Туткун" тасмасын тартуу ишине бир жыл мурун даярдык көрүлө баштаган.
"Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата режиссёр Темир Бирназаровдун "Туткун" деген толук метраждуу көркөм фильминин Кыргызстандагы локацияларынын баары тартылып бүттү. Калган бөлүгү Германияда тартылмакчы. Жакында чыгармачыл топ локацияларды изилдеп келди. Улуу Жеңишти даңазалаганда да биз согуштун адамзатка кандай жамандык алып келе турган апаат экенин көрсөтүп беришибиз керек деген ойдомун. Ал эми "Туткун" фильминде колго түшкөн кыргыз жоокеринин жашоосу тууралуу баяндалат", — деди Меңдебаиров.
Ал Чолпонбай Түлөбердиев тууралуу көркөм фильмдин сценарийине да сынак жарыяланганын белгиледи.
"Чолпонбай Түлөбердиев тууралуу тасмага бир топ сценарийлер келип түштү. Комиссия менен көркөм кеңеш карап көрүп, азырынча бир сценарийге токтолдук. Бирок толуктоолор керек болгону үчүн азырынча фильм тартыла элек. Тартуучу топ алгач документалдык тасма тартып келүүнү болжоп жатат," — деди Меңдебаиров.
Ал буга чейин "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган видеороликтердин сценарийин жазуу боюнча да сынак жарыялаганын кошумчалады.