Сагынбек Абдумуталип тууралуу эмне белгилүү? Өмүр баяны

Сагынбек Абдумуталип президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды.
Sputnik
41 жаштагы дипломат 2005-жылы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин аймак таануу (чыгыш таануу) бөлүмүн бүтүргөн. Кыргыз, орус, англис, түрк, фарс жана кытай тилдеринде сүйлөйт. Дипломатиялык рангы — 2-класстагы кеңешчи.
Эмгек жолу:
2011-жылы — эмгек, иш менен камсыздоо жана миграция министринин кеңешчиси;
2011-2012-жылдары — Эмгек, иш менен камсыздоо жана миграция министрлигинде этникалык кыргыздар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы;
2012-2013-жылдары — ТИМдин тышкы миграция департаментинин этникалык кыргыздар жана кайрылмандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы;
2013-2014-жылдары — Тышкы иштер министрлигинде Чыгыш өлкөлөрүнүн, Азия жана Африка департаменттеринде экинчи катчы;
2014-2018-жылдары — Тажикстандагы элчиликтин биринчи катчысы, андан кийин ушул эле өлкөдө элчинин кеңешчиси;
2018-2021-жылдары — ТИМдин түштүк региондорундагы өкүлүнүн кеңешчиси;
202112022-жылдары — Ирандагы элчинин кеңешчиси;
2022-2025-жылдары — Кыргызстандын Тажикстандагы элчисинин кеңешчиси.
Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы алмашты