Касымалиев: өлкөнүн экономикалык өсүшү рекорддук көрсөткүчтөргө жетти

Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. 2025-жылдын биринчи кварталында экономикалык өсүш рекорд койду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Ал ИДПнын 13,1 пайызга өсүшү негизги багыттарда жакшы прогресс жүрүп жатканынан кабар берерин айтты.
Төмөнкү тармактарда олуттуу өсүш байкалды:
тамак-аш өнөр жайы — 71 пайыз;
курулуш — 69 пайыз;
негизги капиталга инвестициялар — 90 пайыз.
"Бул жыйынтыктар — президенттин командасынын ишинин натыйжалуулугунун далили. Экономиканы өнүктүрүү жана элдин жашоо деңгээлин көтөрүү үчүн шарт түзүүнү улантабыз", — деди Касымалиев.
Ибраев: гидроэнергетика Кыргызстандын жана Борбор Азиянын өнүгүүсүн камсыздайт