Кыргызстанда балдардын эрте өнүгүүсү боюнча изилдөө иштери жүрүп жатат. Иш-чара Бишкек жана Ош шаарында өткөрүлүүдө. Анын алкагында жалпысынан изилдөөгө 1,5 миңден ашуун бала катышкан. Мындай изилдөө биринчи жолу өткөрүлүүдө жана балдардын эрте өнүгүүсүнүн сапатын баалоого багытталган.
Бүгүнкү “Ачык кеп” програмасында дал ушул изилдөө иштеринин жүрүшү тууралуу маектештик. Биздин суроолорго Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун баалоо координатору Мира Мыкыева жооп берди.