“Жеңишке 80 жыл!” Кыргызфильм тарыхтын бул барактарын мыкты чагылдырган роликтерге сынак жарыяалады

Sputnik
Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган видеороликтердин сценарийин жазуу боюнча сынак жарыялап, эмгектерди кабыл алууда. Андан тышкары “Туткун” деген аталыштагы тасма тартылууда. Учурда киностудиянын архивиндеги эски тасмалар да санариптештирилип, санариптик база түзүлүүдө. “Кыргызфильмдин” ютуб каналына да тасмалар жуктөлүп, көрүү көп болууда.
Муну менен катар балдар үчүн атамекендик анимациялар да тартылууда. Назым Мендебаиров менен ушул жана башка маселелер, дегеле республикадагы кино тармагынын абалы тууралуу баарлашып, бир катар суроолорго жооп алдык.