ЕАЭБ жарандары үчүн Россия — Беларусь чек арасынан өтүүдөгү тоскоолдук жоюлду

Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Кыргызстан, Армения жана Казакстан жарандары үчүн Россия — Беларусь чек арасынан өтүүдөгү тоскоолдук жоюлду. Бул тууралуу ЕЭКтен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Россия менен Беларустун ортосундагы тиешелүү келишим 11-январдан тартып күчүнө кирген. Буга байланыштуу ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандары аталган эки өлкөнүн ортосунда темир жол, аба жана автомобиль жолдору аркылуу эркин каттай алат. Мурда Армения, Казакстан жана Кыргызстан жарандары Россия менен Беларустун ортосунда авиакаттам менен гана жүрө алышчу. Бул кымбат жана ыңгайсыз болгондуктан 15-апрелде комиссиянын коллегиясы тоскоолдукту жоюу маселесин караган.
"ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча системалуу иш тынымсыз жүргүзүлүп, мындан ары да улантылат. Бул биздин өлкөлөр ортосундагы адамдардын жана жумушчу күчтүн эркин жүрүүсүн камсыздап, ошондой эле биримдиктеги ички туризмдин өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет", — деди ЕЭКтин министри Варос Симонян.
ЕАЭБде Пакистан менен эркин соода келишимин түзүү талкууланууда