Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Согушарда ойлонуш керек". Трамп Зеленскийдин сураганын орундата бербесин айтты

Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Владимир Зеленскийдин 50 миллиард долларга Patriot зениттик-ракеталык комплексин сатып бер деген сунушун кабыл алган жок. Бул туурасында РИА Новости Bild басылмасына таянып жазды.
"Билесиздерби, ал дайыма ракета алдыргысы келет. Бирок согушка кирерде жеңилип калуу мүмкүн экендигин эске алуу кажет. 20 эсе кубаттуу болгон тарапка каршы кармаш баштабаш керек. Анан кимдир бирөө ракета берет экен деп күтүп отурган болбойт", — деген Трамп.
Ак үй жетекчисинин мындай чечими Москва менен диалогду бекемдеп жана сактап калуу каалоосунан улам кабыл алынганы айтылды. Бул Украина боюнча тынчтык келишимин түзүү үчүн жасалып жатканын кошумчалашты.
Шаршембиде Украинанын экономика министри Тарас Качка Киев менен Вашингтондун жакынкы күндөрү кымбат кен байлыктарды казуу жаатында келишимге кол коюшарын айткан эле.
Украина ЖМКлары эки тараптын жаңы макулдашуусу Киевге Вашингтон көрсөткөн жардамын кайтарып берүү болуп саналарын жазышкан. Ошондой эле бул документ мурда АКШ, Украина макулдашкан дээрлик бардык "кызыл сызыктарды" бузары, аталган өлкөнү кайсы бир деңгээлде эгемендүүлүгүнөн ажыратары жана анын келечекте ЕБге кирүү пландарына каршы келери айтылды.
Британиялык Spectator журналы жаңы келишимдин шарттарынын бири катары Украинада пайдалуу кен казган компанияларга АКШнын стратегиялык атаандаштарына кен байлыктарды сатууга тыюу салынганын билдирди. Басылма Евробиримдик да АКШ менен чыңалган мамилелеринен улам бул категорияга кириши мүмкүн деп боолгологон.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский армиясынын жабдылышына ичи чыкпай жатканын айтты