Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетине (КУМИУ) "улуттук" макам берилиши окуу жайга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, өнүгүүсүнө чоң таасир тийгизет. Бул тууралуу Түмөнбай Колдошов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, макам окуу жайдын аброюн эле арттырбастан, анын каржылык абалын да жакшыртат.
"Биздин окуу жай — маданият жана искусство тармагына кадр даярдаган жалгыз ЖОЖ. "Улуттук" макамынын берилиши, биринчиден, окутуучулук курамга өтө маанилүү стимул. Экинчиден, окуу жайдын эл аралык аренага чыгуусуна, коңшу мамлекеттер менен билим берүү, маданият, илим чөйрөсүндө тең ата сүйлөшүүсүнө шарт түзөт. Анткени аларда улуттук макамы бар окуу жайлар көп. Макам берилгенден кийин окуу жайдын аброю көтөрүлүп, мамлекет тарабынан колдоонун далили болуп турат", — деди Колдошов.
Муну менен катар ректор беш жылдык план даярдалып, анда КУМИУну акыркы үлгүдөгү окуу жайга айлантуу каралганын белгиледи.
"2023-жылы жетекчи болуп дайындалдым. Беш жылдык окуу жайды өнүктүрүү планы даярдалган. Анда максаттар, пландар так көрсөтүлүп, окуу жайды акыркы үлгүдөгү ЖОЖго айлантууга ниет кылганбыз. Буга чейин жалаң гана чыгармачылык жана билим берүү менен гана алектенген. Биз илимий чыгармачылык окуу жайга айлантууну көздөдүк. Анын ичинде жаңы корпус куруу, улуттук макам алуу, окуу жайда илимий изилдөлөрдү ишке ашыруучу атайын лаборатория түзүү, магистратура, аспирантура, диссертациялык кеңеш ачуу бар болчу. Кыргыз искусствосунун, кыргыз маданиятынын изилденбеген тармактары абдан көп. Аны биздин университет изилдебесе, башка окуу жайлардын компетенциясына кирбейт. Бул — биздин түз милдетибиз. 2023-жылы аспирантура, 2024-жылы магистратура ачылды", — деди Колдошов.
Ошондой эле ал жаңы макам окуу жайдын кызматкерлерине жаңы дем бергенин, илимдин татаал жолунда ушул сыяктуу колдоо керектигин кошумчалады.