Кыргызстанда селди алдын алуу үчүн 52,4 млн. долларлык долбоор ишке кирди

Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Кыргызстанда селди алдын алуу үчүн RESILAND CA+ долбоору ишке кирерин ӨКМ билдирди.
Соңку 12 жылда республикада сел жүргөн 900дөй учур катталган. Долбоордо селдин жүрүшүнө көзөмөл жүргүзүү, алардан сактануунун заманбап ыкмаларын киргизүү, токойлорду жана кунары кеткен жерлерди калыбына келтирүү, сел айлананы каптабай каналдар аркылуу агып кеткидей шарттарды түзүү каралган.
Программа аркылуу 17 миң адам өзүн коопсуз сезип, аймактарда миңдей жумуш орду түзүлүшү керек. ӨКМ башчысы Бообек Ажикеев апаат менен күрөшкөндөн көрө аны алдын алуу маанилүү экенин белгилеген.
Долбоор үчүн Эл аралык өнүктүрүү бирикмесинен 45 миллион доллар насыя, PROGREEN компаниясынан 5 миллион доллар грант, Корея өнөктөштүк фондунан жана Дүйнөлүк банктан 2,4 миллион доллар грант алынган.
Ала-Буканын Ак-Тайлак айылында сел жүрүп, унааларды агызды. Видео