Баткенде мунайды кайра иштеткен завод 31-августта ишке берилет

Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Баткенде күнүнө 500 тонна мунайды кайра иштеткен завод 31-августта ишке берилет. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Көк-Талаа айылында курулуп жаткан заводго Баткендин башчысы Айбек Шаменов барган.
1 / 3

Баткенде күнүнө 500 тонна мунайды кайра иштеткен завод 31-августта ишке берилет

2 / 3

Маалыматка ылайык, Көк-Талаа айылында курулуп жаткан заводго Баткендин башчысы Айбек Шаменов барган

3 / 3

Заводдо 200, мунайды жер астынан казып алууда 250 жумуш орду түзүлөт. Жалпы 90 миллион доллар инвестиция салынууда.

"Ишкана пайдаланууга берилсе бензиндин АИ-92, АИ-95 түрү, дизелдик отун, битум, газ жана башка майлар чыгарылат. Заводго чийки зат Бүргөндүдөн ташылып, кубаттуулугу күнүнө 500 тоннаны түзөт", — деп айтылат маалыматта.
Заводдо 200, мунайды жер астынан казып алууда 250 жумуш орду түзүлөт. Жалпы 90 миллион доллар инвестиция салынууда.
Пресс-борбор
Өкмөт быйыл мунайды кайра иштетүүчү "Жунда" заводун модернизациялайт