БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. 20-апрелде түнкүсүн жана эртең менен өлкөнүн түндүк облустарында үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Маалыматка ылайык, Чүй жана Таластын дыйканчылык аймактарында абанын табы -2 градуска чейин түшөт. Ал эми Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрүшү мүмкүн.
Бул үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө жана мөмө байлай баштаган жер-жемиштерге олуттуу зыян келтириши ыктымал.