БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Кыргызстандын президентинин администрациясы “Борбор Азиянын Капитал банкы” ачык акционердик коому санкциялардан качкан жана санкция салынган адамдар менен байланышкан деген маалыматты төгүндөдү.
Белгиленгендей, банк толугу менен мамлекеттики, анын акцияларынын 100%ы Финансы министрлигине караштуу.
“Банктын негизги максаты — чек аралар аралык рубль менен аткарылган операцияларга мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү жана финансылык институттарды санкциялардан буйтоо үчүн колдонууну алдын алуу. Илан Шор, ошондой эле санкцияга кабылган банктар жана структуралар менен байланышы бар деген билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Алар эч кандай фактылар менен тастыкталган эмес жана Кыргызстандын каржы системасын жаманатты кылууга багытталган”, — деп айтылат маалыматта.
Администрация ошондой эле “Капитал банк” аркылуу өткөн бардык операциялар текшерилерин белгиледи.