БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Негизги ооруканаларды Бишкектин четине көчүрүү долбоору президенттин көзөмөлүндө экенин саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Sputnik агенттигине билдирди.
Ал белгилегендей, стационардык кызматты модернизациялоо идеясы 2-3 жыл мурун Садыр Жапаров тарабынан көтөрүлүп, аны ишке ашырууга эми убакыт келип жетти. Бул үчүн Көк-Жар айылынан чоң аянт бөлүнгөн.
"Учурда эң ири медициналык борбор Москва жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Анда 1200 орундуу Улуттук госпиталь, 450 орундуу Улуттук кардиология борбору, Жүрөк хирургиясы жана трансплантология улуттук борбору жайгашкан. Андан жогорураак жакта башка медициналык уюмдар бар, Лев Толстойдун артында инфекциялык оорукана иштеп жатат. Бул жерлерге тыгынсыз жетүүгө болобу? Албетте, мүмкүн эмес. Бейтаптарды оорукана шаардын борборунда же чет жакасында жайгашканы кызыктырбайт. Эң башкысы, тыгында калбай тезирээк жетүүнү көздөшөт", — деди министр.
Ал кошумчалагандай, жаңы участок тарапка алты тилкелүү трассалар салынып жатат. Ошондой жолдордо гана Тез жардам кызматы үчүн өзүнчө тилке бөлсө болот.
"Медициналык шаарча түзүү идеясы медицина чөйрөсүндө көптөн бери, 10 жыл мурун пайда болгон, бирок саясий эрк жетпей келген", — деп жыйынтыктады ал.