БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Орок айылында айыл чарба жерин көрүстөн кылып, сөөк коюу үчүн сатууга аракет кылган делип жергиликтүү тургун кармалды.
ИИМдин маалыматына караганда, 68 жаштагы тургун Төмөнкү Орок айылынын тоо бетинде жайгашкан айыл чарба жерин эч кандай уруксат кагаздары жок эле көрүстөн кылып ачып алган. Ал маркумду көмүүгө жай бөлүп берем деп 40 миң сом алып жаткан жеринен кармалган.
"Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.