Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

79 өлкө жиберген гүл Белгисиз жоокердин бейитине коюлат. Жеңиш күнүнө даярдык

Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Россия, Казакстан, Беларусь, Армения, Молдова, Тажикстан жана Абхазиянын коомдук ишмерлери Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоону видеокөпүрөдө талкуулады.
Ал Москва – Минск – Астана – Сухум – Ереван – Кишинев – Душанбе менен өтүп, россиялык мекендештердин дүйнөлүк координациялык кеңешининин төрагасы Максим Крамаренко 79 өлкөдө өтө турган иш-чаралар тууралуу айтып берди.
"Алгачкы болуп "Биздин жеңишибиз — биздин мурасыбыз" аттуу эл аралык сынактын үчүнчүсү өтүүдө. Катышуучулар ар түрдүү өлкөлөрдөн келген жана Экинчи дүйнөлүк, Улуу Ата Мекендик согуштардын окуялары боюнча видеороликтерди даярдашат. Андан сырткары, 1941-1945-жылдардагы тарыхты билүү боюнча тесттен өтүшөт", — деди ал.
Анын айтымында, экинчи долбоор — "Жеңиштин гүлдестеси" эл аралык флешмобу. Мында 79 мамлекеттеги катышуучулар кагаздан гвоздика жасашат да, аны Москвага жөнөтүшөт. Ага россиялык гүлдөр кошулат. Бул эң чоң букет Белгисиз жоокер мемориалына коюлат.
Үчүнчү долбоор — согушта кан төгүлгөн кармаштарга жана андагы баатырларга арналган видеороликтерди жасоо. Алар социалдык тармактарга, анын ичинен TikTok платформасына жайгаштырылат.
Бул долбоорлор жаштар арасына маанилүү маданий баалуулуктарды таратса, бир жагынан тарыхый чындыкты сактайт.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Кыргыз эли фронтко 54 миң күлүк ат берген. Улуу Жеңишке өлкөнүн кошкон салымы