БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. 18-апрель, жума күнү, өрөөндөрдө жамгыр, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +14...+19, Талас аймагында +12...+17, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +13...+18, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +8...+13 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +16…+18, Ош шаарында +13...+15 градуска көтөрүлөт.