“Айыл өкмөт” тасмасынын мурунку “Айыл өкмөтү” киносу менен кандай байланышы бар?

Sputnik
Бүгүн биз “Стоп кадр” программасында жаңы тартылган “Айыл өкмөт” тасмасы тууралуу сөз кылабыз. Фильмде Таалай – айыл өкмөт. Ал айылдын жерлерин инвесторлорго сатуу үчүн айылдаштарын келишимге кол койдурганга аракет кылат. Бирок эл ишенбейт жана каршы чыгат. Ушундай күндөрдүн биринде, аны трансформатордон ток уруп, ал адамдардын ойлорун уга баштайт!
Бул жөндөм ага максатына жетүүгө жардам берет, бирок үй-бүлөсүнөн алыстатат. Таалай күчүн көзөмөлдөп, өзүн сактай алабы? Жообун "Айыл өкмөт" тасмасынан бардык кинотеатрлардан көрө аласыз! Ал эми тартуу иштериндеги кызыктуу учурларды бул эфирден уга аласыз!