Кыргыз тикмечилери жеткирүүчүлөрдү жана сатуучуларды бир аянтчага чогултууда. Жеңил өнөр жай тармагындагы көргөзмө

Sputnik
Кыргыз экономикасынын тирөөчү, кыргыз коомунун визиттик карточкасы болгон жеңил өнөр жай тармагында да бүгүнкү күндө көйгөйлөр жок эмес. Өндүрүүчүлөр мамлекеттик түрдүү колдоо программаларынын солгундугун, сырье маселесин жана да кошуна мамлекеттерде жаралып жаткан атаандаштык коркунучтарын аташат. Ошентсе да кол куушуруп отуруп калбай, тескерисинче чыңалып, улам жаңы багыттарды издеп, өздөрүнүн күчтүү тараптарына басым коюу менен аталган тармакты жаңы деңгээлге көтөрүү аракетинде жүргөн кыргыз тикмечилиги 18-19-апрелде борбор калаадагы спрот ордосунда эл аралык деңгээлдеги көргөзмө уюштурууда. Анда бир гана тикмечилер эмес, аны жеткирүүчүлөр, сатуучулар да биригип, таанышып, баарлашып жаңы ишкерликтерге чыйыр салуу мүмкүнчүлүгү түзүлөрүн айтышат. Ал эми шаар калкы көргөзмөгө суктанып, каалаган кийимин өндүрүшчүдөн түз сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.