РФтеги элчи Бөкөнтаев Мамдума депутаты менен мигранттардын кармалышын талкуулады

Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Россиядагы элчи Кубанычбек Бөкөнтаев Жогорку Кеңеш менен РФтин Федералдык жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча парламенттер аралык комиссиянын тең төрагасы, Мамдума депутаты Дмитрий Кобылкин менен жолукту.
Дипломатилык өкүлчүлүктүн маалыматы боюнча, элчи Москва шаарындагы "Бодрость" мончосунда болгон окуяга байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, Россия тараптан маселени объективдүү жана акыйкат кароону суранды.
Кобылкин россиялык башка депутаттар дагы мигранттарга калыс мамиле кылып, фактыны акыйкат териштирүүнү талап кылганын айткан. Элчи бул үчүн ыраазычылык билдирди.
Мындан тышкары, аткаминерлер эки өлкөнүн парламенттеринин деңгээлинде боло турган иш-чараларды талкуулашкан.
Акыйкатчы россиялык кесиптеши менен мигранттардын укугун коргоону талкуулады