PISA-2025 эл аралык сынагынын негизги изилдөөсүн өткөрүү үчүн Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти 14 мобилдик топ түздү. Ар биринде координатор, IT-адис, тестирлөөнүн администратору бар экенин Зейнеп Жамакеева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тестирлөөгө өлкөдөгү 197 жалпы билим берүү уюмунан 6 900дөн ашуун окуучу катышууда.
"Бул программага Кыргызстан 2006 жана 2009-жылы катышып, 57 өлкөнүн ичинде окуучуларыбыздын билим деңгээли эң төмөн деп бааланган. Быйыл жыйынтык жакшы болот деген үмүттөбүз. Эл аралык изилдөөгө тандап алынган 197 жалпы билим берүү уюмунан 15 жаштагы 6 911 бала катышып, анын ичинен 4 096 окуучу кыргыз тилинде, 2 470 окуучу орус тилинде жана 345 окуучу өзбек тилинде тест тапшырышууда. Тандалган мектептен келген 42 окуучу табигый илим, окуу, математика жана санариптик дүйнөдө окуу боюнча эки саатка созулган компьютердик тестирлөөдөн өтүүдө. Мындан тышкары, окуучулар анкета да тапшырып жатышат. PISA-2025ке катышуу өлкөдө билим берүүнүн сапаты жогорулаганын гана көрсөтпөстөн, эл аралык кызматташуу жана тажрыйба алмашуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү да ачат", — деди Жамакеева.
Ал ошондой эле PISA-2025 эл аралык изилдөөcүнө жалпы 94 өлкөдөн окуучулар катышып жатканын, жыйынтыгы 2026-жылдын аягында жарыяланарын кошумчалады.